Түндө Бишкек — Ош унаа жолундагы автокырсыктан 7 киши каза тапты

Кырсык Ноокен районунун Бүргөндү айылына жакын жерде болуп, жабырланган алты адам Шамалды-Сай шаарчасындагы ооруканага жеткирилген.
Sputnik

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Түндө Бишкек — Ош унаа жолунда автокырсык болуп, жети адам каза тапкандыгын ӨКМ билдирди.

Сокулукта жолдон чуркап өткөн жигитти унаа коюп кетти. Жеринен тартылган видео
Кырсык Ноокен районунун Бүргөндү айылына жакын жерде болуп, жабырланган алты адам Шамалды-Сай шаарчасындагы ооруканага жеткирилген.

Маалыматта Mercedes-Benz Vito менен Honda Jazz автокөлүктөрү кагышкандыгы айтылган.

Окуя болгон жерге ӨКМдин 4 куткаруучусу, Тез жардам жана ИИМ кызматкерлери барган. Куткаруучулар жабыркаган жарандарды автоунаадан чыгарып, Тез жардам кызматына, каза тапкандарды милицияга өткөрүп беришкен.

Маркумдардын сөөгү Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.