Кыргызстандын чек арасы кытай товарлары үчүн жабыкпы? Бийликтин жообу

Социалдык тармактарга Кытайдан товарлар, бери дегенде жабдыктар келе баштаганы боюнча жаза башташты.
Sputnik

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кытайдан келген товарлар үчүн чек ара жабылган эмес. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров билдирди.

Эксперт Азамат Акелеев болсо өзүнүн Facebook баракчасына "Жакшы кабар. Кытайдан товарлар, бери дегенде жабдыктар келе баштады" деп жазды. Белгилей кетсек, буга чейин кыргыз-кытай чек арасы жабылганы айтылган болчу.

"Чек ара товарлар үчүн жабылган эмес. Мындай имиштер кайдан чыкканын билбейм. Көйгөйдүн негизги себеби — кытайлыктар ишке чыкпай үйлөрүндө отургандыктан товар жөнөтө албай калышкан", — деди Алишеров.

Дүйнөлүк банк коронавирус менен күрөшкө 12 миллиард доллар бөлөт
Ал эми "товарлар келе баштадыбы?" деген суроого министрдин орус басары 3-мартка карата байкалбаганын, бирок бүгүн келип түшүшү мүмкүн экенин билдирди. Ал ошондой эле жүктөр бир гана "Торугарт" менен "Эркечтам" аркылуу эмес, Казакстан аркылуу темир жол менен дагы келип турарын эскертти.

Анткен менен Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-кытай чек арасы жабык экенин маалымдады.

Коронавирус тууралуу

Акыркы маалыматтарга караганда, вирусту дүйнө жүзү боюнча 93 160 адам жуктуруп алды. Алардын ичинен 3 198 киши каза таап, 50 690 киши сакайып кетти.

Кыргызстан Кытай, Түштүк Корея, Япония, Иран жана Италия жарандарына өлкөгө кирүүгө убактылуу чектөө киргизди. Тизме дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга жараша өзгөрүп турат.