Коронавирустан улам дүйнөнүн эң бай адамдары 444 млрд. долларын жоготту

Зыянга учурагандардын сап башында дүйнөгө таанымал болгон Amazon, Microsoft жана LVMH компаниялары турат.
Sputnik

БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Коронавирустун таасиринен улам дүйнөдөгү бай адамдардын каржылык булагы бир жумада 444 миллиард долларга кыскарды. Бул туурасында Bloomberg порталы жазып чыкты.

Коронавирус жуктуруп алды деген Жеки Чан үн катты
Баарынан да жер жүзүндөгү эң бай делген үч адам чоң жоготууга учураган. Алар Amazon компаниясынын жетекчиси Жефф Безос, Microsoft корпорациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Билл Гейтс жана LVMH компаниялар тобунун президенти Бернар Арно. Жогорудагы байлардын капчыгы болжол менен 30 миллиард долларга бөксөргөн.

Ири зыян тарткандардын дагы бири, байлыгы боюнча 25-орунда турган Tesla компаниясынын жетекчиси Илон Масктын акцияларынын баасы төмөндөп, тогуз миллиард доллар жоготкон. Ал эми Facebook баракчасынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг 6,5 миллиард доллардан кол жууганы айтылат.

Коронавирустун жайылышына байланышкан кырдаалдан улам Европа менен АКШда бейшемби күнү биржа түшүп кетип, европалык индекстер 4 пайызга, америкалык индекстер 3 пайызга арзандаган.

Министрлик: коронавирус кооптуулугунан улам жума намазга аз барыңыздар
Соңку учурда жаңы типтеги вирусту жуктурган адамдардын саны Кытайда 79,2 миңге жетип, 2835 адам көз жумуп, 39 миңден ашыгы айыкты. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус Кытайдан башка дагы 51 өлкөгө жетип 4691 адам жуктурганы аныкталса, 67си каза болгон.

Белгилей кетсек, бир ай мурда Кытайдын Ухань шаарында чыккан коронавирус тездик менен жайылып, Япония, Түштүк Корея, Иран жана Италияда күч алганы белгилүү болду. Кыргызстан аталган өлкөлөрдүн жарандарын убактылуу киргизбей туруу чечимин кабыл алды. Ал эми Кытай менен чек аралар жабылып, авиакаттамдар токтотулган.