БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Бишкектеги Жал кичи районунда экзотикалык өсүмдүктөр тигилген сквер пайда болду. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.
Жайы-кышы жапжашыл болгон өсүмдүктөр. Бишкекте жаңы сквер пайда болду. Сүрөттөр
Жаңы коомдук жайды көрктөндүрүү иштери менен "Тазалык", "Бишкек жарык", "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык мекемелери алектенүүдө. Долбоорду "Бишкек башкы архитектуранын" адистери даярдаган.
Жайы-кышы жапжашыл болгон өсүмдүктөр. Бишкекте жаңы сквер пайда болду. Сүрөттөр
"Электриктер 300 метрлик кабель тартып, 14 диоддук чырак орнотушту. Ошондой эле боз үйдүн инсталляциясы коюлуп, тегерек четине жайы-кышы жапжашыл болуп турган өсүмдүктөр тигилди", — деп айтылат маалыматта.
Мэриядан билдиришкендей, инсталляция, отургучтар жана түркүктөр "Бишкек жарык" ишканасынын цехинде жасалган.