Кыргызстандыктар 24-февралда эс алабы?

23-февраль — эл-жерди көздүн карегиндей кайтаргандарды, бейкуттук үчүн канын бергендерди эскерүү, эстөө күнү.
Sputnik

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. 23-февраль Кыргызстанда Ата Мекенди коргоочулар күнү катары белгиленип келет.

Жай келип калабы? Март айына карата аба ырайы
Эмгек кодекси боюнча майрам дем алышка туура келсе, дүйшөмбү эс алуу күнү болуп саналат. Бирок буга чейин 24-февралдагы эс алуу күнү өкмөттүн токтому менен 2-январдагы иш күнүнө которулган болчу. Мындан улам 24-февралда кыргызстандыктар кадимкидей ишке чыгышат.

Эске салсак, Жаңы жылды белгилөөгө байланыштуу кыргызстандыктар 1-январдан 7-январга чейин эс алышкан.