Радио

Кучумкулов: жаңы айдоочулук күбөлүктүн 20дан ашуун коргоо элементи бар

Мамлекеттик каттоо кызматынын кыймылдуу мүлктү каттоо кызматынын башчысы Бахтияр Кучумкулов 2019-жылдын 9-декабрынан тарта жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр бериле баштаганын айтты.
Sputnik
Кучумкулов: жаңы айдоочулук күбөлүктүн 20дан ашуун коргоо элементи бар

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн 20дан ашуун коргоо элементи бар. Бул тууралуу Бахтияр Кучумкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү документ тапшыргандан төрт күндөн кийин алат.

"Эски айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу үчүн жарандык паспорт, медициналык справка, окуу курстарын аяктагандыгы тууралуу күбөлүк жана айдоочунун өздүк карточкасын алып келиши керек. Буларды топтоп келген жаран биздин бөлүмдөн сүрөткө түшүп, колун коёт. Документтер автоматташтырылган система аркылуу кабыл алынып, жекелештирүүчү жайга жиберилет. Айдоочулук күбөлүктү алгачкы жолу ала тургандар деле ушул сыяктуу. Болгону алар автомектептен окуп келгенден кийин теория жана практика түрүндө экзамен тапшырат. Берилип жаткан айдоочулук күбөлүктөр заманбап технология менен жасалат. Анын материалы салыштырмалуу бышык жана 20дан ашуун коргоочу элементи бар. Аны жасалмалоого мүмкүн эмес", — деди Кучумкулов.

Ошондой эле ал эски айдоочулук күбөлүктөрдү мөөнөтү аяктаганча колдонууга боло турганын кошумчалады.