Радио

Сыдыков: аз кыймылдап, туура эмес тамактанып жүрүп 45 жашымда 166 кг болдум

Ашыкча салмак менен күрөшүп жаткан Урматбек Сыдыков көп жылдардан бери арыктоонун амалын издеп келгенин жана акыр-аягы көйгөйдү хирургиялык жол менен чечкенин айтты.
Sputnik

Дарыгерлердин кеңеши менен ашказанымдын үчтөн эки бөлүгүн кестирүүгө туура келди. Анын натыйжасында табитти ача турган гормондордон арылып, учурда тамакты аз жеп калдым. Жыйынтыгында бир айдын ичинде 20 килограммга арыктадым. Бул тууралуу Урматбек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Сыдыков: аз кыймылдап, туура эмес тамактанып жүрүп 45 жашымда 166 кг болдум

Анын айтымында, ашыкча салмактын айынан эртең менен төшөктөн туруу кыйынчылык жаратып, бара-бара жалкоолукка моюн сунуу менен бардык нерсеге кайыл боло баштаган жана аны менен бирге жашоого болгон кызыгуу солгундап кеткен.

"Жаштайыман эле толмоч болчумун. Ата-энем да олбурлуу болгондуктан, ар дайым чоң көлөмүм менен айырмаланып келгем. Бала чакта анын айынан теңтуштарымдын арасында шылдыңга кабылчумун. Арыктоонун бардык түрүн колдондум десем болот. Эч нерсе жардам берген жок. Дарыгерлерге кайрылсам, организмдеги зат алмашуу жана гормондор бузулганын аныкташты. Бул деген кандай гана тамак жебе, семире бересиң деген диагноз эле. Анысы аз келгенсип, жүрөгүмдө дарт бар экени да белгилүү болду. Жыйынтыгында оор көтөргөнгө, спорт менен машыгууга, деги эле ашыкча кыймыл-аракет жасоого тыюу салынды. Ошону менен аз кыймылдап, туура эмес тамактанып жүрүп 45 жашка келгенде салмагым 166 киллограммга жетти. Мындай көлөм менен кыймыл-аракетти кой, төшөктөн тура албай калдым. Ошентип дарыгерлер менен кеңешип операция жолу менен ашказанымды кичирейтүүнү чечтик. Ал үчүн атайын Түркияга барып тийиштүү процедуралардан өттүм. Ашказанымдын үчтөн эки бөлүгүн кесип, аны менен бирге табитти ача турган гормонду да алып салышты. Дарыгерлер мен ойлогондой курсакты кеспей эле төрт тешик аркылуу заманбап техниканын жардамы менен операцияны өтө жеңил өткөрүштү. Беш күндөн кийин үйгө кайтып келдим. Жыйынтыгында тамакты аз жеп, бир айдын аралыгында 20 килограммга арыктадым. План боюнча жай айларына чейин салмагым 80 киллограммга чейин түшүшү керек", — деди Сыдыков.

Ал ошондой эле бүгүнкү күндө таттуу суу жана тез татымдарда даярдалган тамак-аштын айынан толук адамдар кескин көбөйүп кеткенин жана алардын катарын 30 жашка чыга элек жаштар толуктап жатканы абдан өкүнүчтүү экенин кошумчалады.