Батир утам деп кыл чайнашкан эрендер. Кара-Суудагы аламан улактан 20 сүрөт

Sputnik

Ишемби, 25-январда, Кара-Суу районунун Савай айылында ири аламан улак өттү. Оюнга Өзбекстандан, Тажикстандан, Казакстандан жана Кыргызстандын чар тарабынан миңден ашуун улакчы келген. Эрендер таптаган атынын күчүн ушул жерде сынап, байге алып жатышты. Алар 50 килограммдык торпок тартышты. Бир торпок оюндун орто ченине жеткенде экиге бөлүнүп калып, башкасына алмаштырылды.

Мындай болорун билип атайын экинчисин даярдап коюшкан.

Кара-Сууда миңден ашуун улакчы кыл чайнашты. Оюндун кызыктуу учурлары видеодо
Бул оюнда байгеге Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батир, бир лимузин жана төрт Mercedes-Benz W124 үлгүсүндөгү автоунаалар коюлган. Мындан сырткары, улакчылар тогуз төө, 20 тай жана башка акчалай сыйлыктарды алышты.

Башкы соорун – батирди белгилүү улакчы Байыш Ниязов менен Акжол Кылыч уулу алып, экөө бөлүп алмай болушту. Ниязов анын алдында бир автоунаа, Кылыч уулу эки төө, тай уткан болчу.

Ал эми Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Үч-Каптал айылынын тургуну Жоодар Жолчу уулу лимузин автоунаасына ээ болду.

Мындай ири аламан улакты Новосибирск облусундагы Көк бөрү федерациясынын негиздөөчүсү, жеке ишкер Каныбек Акаев өткөрдү. Ал үч уулун сүннөткө отургузуп той берди.

 

1 / 20
Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айылында ири аламан улак өттү
2 / 20
Оюнга Өзбекстандан, Тажикстандан, Казакстандан жана Кыргызстандын чар тарабынан миңден ашуун улакчы келген
3 / 20
Белгилүү улакчы Байыш Ниязов улакты такымына басып бара жаткан бир тууган иниси Манастын атын жетелеп жардамдашууда
4 / 20
Бул оюнга жаш-кары дебей баары келишти. Муну бир баласын артына учкаштырып, экинчисин астына өңөрүп жүргөн атанын сүрөтүнөн байкоого болот
5 / 20
Эрендер таптап, баккан атынын күчүн ушул жерде сынап, байге алып жатышты
6 / 20
Ээрге бекем отуруп, камчысын тиштеп, ыңгайы келсе эле улакты жулуп кетүүгө белсенип турган улакчылар
7 / 20
Түндөсү бир аз кар жаап койгондуктан жер ылай болуп аттар сыйгаланып жыгылып жатты. Бул көзүнө чейин ылай болгон аргымак да чалынып жыгылып, тебелендиде калып кала жаздады
8 / 20
Артынан жөөлөй кирип келген аттан коргонуп жаткан улакчы фотографтын кадрына илинген
9 / 20
Улак кимге ашты экен деп алыстан байкоо салып турган чабандес
10 / 20
Топту жарып чыгып улакты марага таштаган балбандарга соорун эле ыйгарбастан, калың эл бата берип жатты
11 / 20
Кыл чайнашкан беттеште зоот аты, билегинде күчү барлар соорунга ээ болду
12 / 20
Албетте, 50 килограммдык торпокту эңип, топту жарып чыгуу оңой эмес. Мелдеш орто ченине жеткенде тартылып жаткан торпок экиге бөлүнүп кетип, башкасын алып келишти
13 / 20
Жергиликтүүлөр мындай ири аламан улак көп жылдардан бери Кара-Сууда боло электигин белгилешти
14 / 20
Мелдештин расмий ачылышы саат 12.00дө болду, бирок улакчылар саат 10дон баштап эле келе баштады
15 / 20
Аламан улакта бирдиктүү эрежелер каралган эмес. Ортого ташталган улакты жерден эңип, топту жиреп чыгып, белгиленген жерге алып барып таштаган оюнчуга байге берилет
16 / 20
"Достук" көк бөрү командасынын көзгө басар оюнчуларынын бири Бауш Султанбеков да эки төө жана эки тай утуп алганын айтты
17 / 20
Эреже боюнча оюндун калысы алдын ала кайсы байгеге кайсы убакта, кайсы жерге таштоо керектигин айтат
18 / 20
Айрым учурда чабандестер улакты бирөөгө ашырып берип да соорун алышат. Муну менен алыстан келген коноктор да улак тартып кетсин деген сый-урматын түшүнүүгө болот
19 / 20
Кара таандай жайнаган. Жанатан бери сөз болуп жаткан аламан улактын асмандан көрүнүшү
20 / 20
Байгеге коюлган төөлөр менен тайлар заматта эле ээсин таап кетти.