Бул Кыргызстандагы сулуулук! Асмандан тартылып, кайдыгер калтырбаган 12 сүрөт

Sputnik

Жаратылыштын эң мыкты сүрөттөрү. Nature Photographer сынагынын жыйынтыгы
Кыргыз бермети – Ысык-Көл кышында тоңбойт. Анткен менен тоңгон көлмөлөр менен суулар ошондой эле табышмактуу, ошондой эле кооз.

Бишкектик фотограф, асмандан тартып жүргөн оператор Михаил Дудин кыргызстандыктар буга чейин эч качан көрбөгөн сүрөттөрдү тартуулады. Алар Ара-Көл менен Орто-Токой суу сактагычынын асмандан тартылган көрүнүшү болду.

Дудиндин айтымына караганда, Ара-Көлдөгү муздун калыңдыгы 50-60 сантиметрге жеткендиктен, эл анын үстүнө муз тээп, эс ала алат.

"Күн сууктап, суу тоңгондо жергиликтүү эл чана тээп, музду оюп алып балык кармайт. Кочкорго түшкөн кар көп турбагандыктан, тоңгон көлдүн укмуштуудай сонун көрүнүшүнө күбө боло алабыз", — деп айтып берди Дудин.

Фотограф жээктеги муз катмарланып, агыш тартып тургандыгын айтты. Ал эми көлдүн ортосуна жакындаган сайын бети жылмакай болуп, андан сырткары, аяз чыртылдап жарып, табият кереметтүү сүрөттөрдү өзү эле тартып койгонуна күбө болобуз.

"Орто-Токойдогу муздун калыңдыгы 25-30 сантиметрге жетет. Анткен менен муз тепкенге болбойт, кооптуу. Жарылып кетиши мүмкүн", — деди Дудин.

Ара-Көл Кочкор райондук борборунан болжол менен 30 чакырым алыстыкта орун алган. Орто-Токой суу сактагычы деңиз деңгээлинен 1700 метр бийиктикте, Нарын менен Ысык-Көл облусунун чегинде жайгашкан. Кочкорго, Нарын облусуна кетип бара жаткан жолоочулар табияттын бул кооздугуна күбө боло алат. Анын узундугу 18, ал эми туурасы 5 чакырым. Тереңдиги 47 метр.

1 / 12
Ара-Көл Кочкор райондук борборунан болжол менен 30 чакырым алыстыкта жайгашкан
2 / 12
Кышында Ара-Көл толугу менен тоңуп калат
3 / 12
Муздун калыңдыгы 50-60 сантиметрге жетет
4 / 12
Күн сууктап, суу тоңгондо жергиликтүү эл чана тээп, музду оюп алып балык кармайт
5 / 12
Бул аймакты илгертен бери кара Кочкор дешет. Себеби аталган аймакка кар токтобойт
6 / 12
Асмандан караганда жашгылт болуп тоңгон суу көзгө өзгөчө кооз болуп көрүнөт. Айланада кардын жоктугу бул көрүнүштү дагы суктанарлык кылып коёрун байкоого болот
7 / 12
Орто-Токой суу сактагычы деңиз деңгээлинен 1700 метр бийиктикте жайгашкан
8 / 12
Суу сактагыч Нарын менен Ысык-Көл облусунун чегинде жайгашкан
9 / 12
Бул сулуулук 18 чакырымга созулуп жатат
10 / 12
Суунун тереңдиги 47 метр
11 / 12
Асман алдындагы күзгү
12 / 12
Табияттын кол менен жасап койгондой сулуулугу. Бийиктиктен караган адамга бул ак карлуу тоо кыркаларына да окшоп кетет