АКШ менен Ирандын тиреши: Жакынкы Чыгыштагы абал тынчыйбы?

Владимир Путин менен Реджеп Тайип Эрдоган Иран менен АКШнын ортосунда тиреш күчөп бара жатканына тынчсызданууда.
Sputnik

Эки лидер Стамбул шаарында кезигип, акыркы күндөрдөгү Жакынкы Чыгыштагы окуялар боюнча пикир алышты.

Тараптар Персия булуңундагы жана жалпы аймактагы түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу жана эл аралык укуктардын нормасында чечүү керек деп эсептейт.

Генералдын өлүмү жана өч алуу

Трамп эмнеге Иранга согуш жарыялаган жок? Саресеп
Белгилей кетсек, жыл жаңырары менен АКШ Багдаддын аэропортуна жасаган ракеталык чабуулунан кийин Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун генералы Касем Сулейманини жок кылган. Мындан кийин Иран генерал үчүн өч алууну убадалап, АКШга сокку уруунун 13 сценарийи бар экенин айткан. Ал эми Трамп америкалыктар чабуулга өтө турган болсо, Ирандын 52 объектисине сокку урарын билдирген.