Кыргызстанда жаштар арасында бокс боюнча чемпионат башталды

Республикалык чемпионатта Кыргызстандын ар кыл аймагынан келген 124 мушкер күч сынашууда. Финалдык беттештер 30-декабрда өтмөкчү.
Sputnik

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Кыргызстанда жаштар арасында бокс боюнча чемпионат башталгандыгын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Республикалык чемпионатта Кыргызстандын ар кыл аймагынан келген 2002-2003-жылдары туулган 124 мушкер күч сынашууда.

Спортчулар 11 салмак категорияда күч сынашат (46 кг, 49 кг, 52 кг, 56 кг, 60 кг, 63 кг, 69 кг, 75 кг, 81 кг, 91 кг, +91 кг). Финалдык беттештер 30-декабрда өтмөкчү.

Бул мелдешти өткөрүүгө бюджеттен 61 миң сом каралганы маалымдалды.

Иш-чараны Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги менен биргеликте Кыргызстан бокс федерациясы уюштурууда.