БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Бишкекте курулуш материалдары сатылган дүкөндөгү өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Жеринде эки өрт өчүрүүчү машина иштеди. ӨКМге Щербаков менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан дүкөндөн өрт чыкканы тууралуу маалымат 16.50дө түшкөн.
Өрт толугу менен 19.26да өчүрүлүп бүттү.