Өлкөдө эң арзан көмүр каякта сатылууда? Статистика

Кара алтындын орточо баасы ноябрь айына салыштырмалуу декабрдын үчүнчү жумасында 156,37 сомго түшсө, кээ бир жерде баа өзгөргөн жок.
Sputnik

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Чаекте көмүр бир тоннасы 2500 сом болсо, Баткен шаарында 7 807 сомго чейин жетүүдө. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган мекеме өлкөнүн калк жашаган 18 аймагында сатылган көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзгөн. Анын негизинде кара алтындын орточо баасы ноябрь айына салыштырмалуу декабрдын үчүнчү жумасында 156,37 сомго же 3,3 пайызга төмөндөдү. Ал эми кээ бир жерде баа өзгөргөн жок.

Учурда эң кымбат көмүр Баткен, Ноокат, Исфана шаарларында сатылып, бир тоннасы 6300 сомдон 7800 сомго чейин жетүүдө.

Өлкөдө эң арзан көмүр каякта сатылууда? Статистика

Ал эми республика боюнча эң арзан көмүр Нарын, Балыкчы шаары менен Чаек айылында. Кардарлар аны 2500 сомдон 3700 сомго чейин алып жатат.