Быйыл Кыргызстанда төрт аэропорт оңдоп-түзөлдү. Тизме

Белгилей кетсек, өлкөдө 11 аэропорт бар. Анын бешөө эл аралык макамга ээ.
Sputnik

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. 2019-жылы Кыргызстанда "Манас" эл аралык аэропорту, "Ош" эл аралык аэропорту, ошондой эле Исфана жана Кербен шаарларындагы аба майдандары оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун Бишкек филиалынын директорунун орун басары Бакытбек Бекбача уулу маалымат жыйында билдирди.

Президент Жээнбековго Boeing үлгүсүндөгү учак алуу сунушталды
Анын айтымында, "Манас" аэропортунун стерилдик аймагы 1360 чарчы метрге кеңейтилип, учурда жалпы аянты 3900 чарчы метр болуп калды. Эми каттоодон өтүп учак күтүп отурган жүргүнчүлөр бул жердеги Duty Free дүкөндөрүнөн, кафелерден, ымыркайлар үчүн даярдалган атайын жайлардан колдоно алат. Оңдолгонго чейин учак күтүп турган жердеги айрым жайлар аэропорттун кызматкерлеринин кеңсеси катары колдонулуп келген.

"Ал эми "Ош" эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкеси 400 метрге узартылды. Ошондой эле быйыл Исфана жана Кербен шаарларындагы аба майдандарынын аэровокзалдары ремонттолду", — деди Бакытбек Бекбача уулу.

Орун басардын айтымында, бардык ремонт иштери аэропорт өзү иштеп тапкан каражатка жасалган.

Белгилей кетсек, өлкөдө 11 аэропорт бар. Анын бешөө эл аралык макамга ээ.