Сырттан акча алганды кыскарталы! Абылгазиев 2020-жылдын ири долбоорун атады

Өкмөт башчы мамлекет менен жеке ресурстар бириксе экономика өнүгөрүн айтып, 2020-жылы долбоорлор масштабдуу түрдө жүзөгө ашырылаарын билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагындагы долбоорлор масштабдуу түрдө жүзөгө ашырыла турганын айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Абылгазиев дайыма эле сырттан жардам күтө берген болбой турганын белгилеген.

"Сырттан акча алганды кыскартуу керек. Өлкөнүн экономикалык өсүүсүн камсыз кылуу үчүн бизнестин активдерин колдонуу — таасирдүү чара. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасы көпчүлүк өлкөлөрдүн инфраструктуралык маселелерин чечүүгө жардам берген", — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы мамлекет менен жеке ресурстар бириксе экономика өнүгөрүн баса белгилеген.

"Көпчүлүк социалдык маселелерди ушул система аркылуу чечсе болот. Долбоордо үч тараптуу баланс: мамлекет, бизнес жана керектөөчүлөр сакталышы керек. Биз мамлекет менен өнөктөш болуу – пайдалуу экенин көрсөтүшүбүз керек. Учурда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк линиясы боюнча 500 миллион долларлык 23 долбоордун портфели түзүлдү жана аларды карап, иштеп чыгуу жумуштары жүрүүдө. Акыркы 10 жылда биринчи жолу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин жүзөгө ашыруу иши башталды", — деди өкмөт башчы.

Бюджеттин чыгашасы 2 млрд. сомго кыскарды. Кайсы тармактын акчасы кертилет?
Абылгазиев быйыл парламент көпчүлүк жол-жоболорду жеңилдеткен жана бардык тараптардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алганын кошумчалаган.

Өкмөт жиберген маалыматта учурда айрым мекемелер мамлекеттик-жеке өнөктөштүк системасынын негизинде иштеп жатканы белгиленген. Алар: Ош, Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында гемодиализ кызматын көрсөтүү боюнча долбоор, "Кызыл Кыргызстан" кинотеатрын кайрадан куруу, анын пайдубалына капсуланын салынышы. Бишкек шаарында коомдук унааларда электрондук билет берүү долбоору.