БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кыргызстандын аймагы боюнча 9-декабрь, дүйшөмбүдө, жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордун жолдору тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +8 ... +13, Нарында +1... +6, Ысык-Көл өрөөнүндө +4 ... +9, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймагында +10 ... +15 градус болушу күтүлөт.
Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, термометр Ошто +11 ... +13 градусту көрсөтсө, борбор калаада +10 ... +12 градус болору айтылды.