Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүВ Казани выпал первый снег.
В Казани выпал первый снег.   - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
9-декабрда республика боюнча күн ачык болот. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кыргызстандын аймагы боюнча 9-декабрь, дүйшөмбүдө, жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордун жолдору тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +8 ... +13, Нарында +1... +6, Ысык-Көл өрөөнүндө +4 ... +9, ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймагында +10 ... +15 градус  болушу күтүлөт.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, термометр Ошто +11 ... +13 градусту көрсөтсө, борбор калаада +10 ... +12 градус болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0