"Манас" эпосу өзбек тилинде жарык көрүп, окурмандарга сунушталды

Эпосту акын, адабиятчы Зухриддин Исомиддинов которуп, китеп "Түрксой" эл аралык уюму тарабынан каржыланып басылып чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Ош шаарында "Манас" эпосу өзбек тилинде жарык көрдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, 29-ноябрда Ош мамлекеттик университетинде өзбек тилинде чыккан "Манас" эпосу китебинин бет ачар аземи болду. Иш-чарага маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Өзбекстандын маданият министринин орун басары Камола Акилова, "Түрксой" эл аралык уюмунун өкүлдөрү, адабият таануучу, окумуштуу жана студенттер катышкан. 

Мындан сырткары, Бабур атындагы музыкалык драма театрында "Манас" спектакли коюлду.

Эпосту өзбек тилине акын, адабиятчы Зухриддин Исомиддинов которуп, китеп "Түрксой" эл аралык уюму тарабынан каржыланып, басылып чыкты.