Белоруссиялык мушкер Сергей Алексеевич турнирде көз ачып-жумганча атаандашын нокаутка кетирди. Иш-чара Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында уюштурулган.
Белорус спортчу өзбекстандык мушкер Амин Эргашев менен рингде кездешип, бирок аны ай-буйга келтирбей жеңип алган. Беттеш GFC турниринин алкагында өттү.
11 секундадан кийин эле чет элдик спортчу жергиликтүү мушкерди жыга койгонун, анын тарапкерлери үнү бүткүчө кыйкырып жатканын көрүүгө болот.
Ал эми рефери беттештин аяктагандыгын билдирип, үстүнөн улам-улам муштагылап жаткан Алексеевичти токтоткон.
Иш-чарага россиялык белгилүү мушкер, ММА чемпиону Хабиб Нурмагомедов да келип, кадырлуу конок катары катышкан.