БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Бишкектеги банктардын биринин Юнусалиев менен Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишиндеги филиалын тоноп кетишти. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан кабарлашты.
Алдын ала маалымат боюнча, эки киши курал менен кирип келип, жеке күзөт кызматынын кызматкерин сабап, кассадагы акчаны алып изин жашырып кеткен. Каракталган акчанын суммасы азырынча белгисиз.
Учурда "Перехват" планы жарыяланды.