ӨКМ шашылыш билдирүү таратты. Аба ырайы кескин сууктайт

Туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып, үзүлүп кетүү коркунучу бар.
Sputnik

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет 22-ноябрдан 24-ноябрга чейин өлкө боюнча туруксуз аба ырайы күтүлөрүн эскертет.

23-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жамгыр, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.

Декабрда аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу
24-ноябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен кар жаайт.

25-27-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөп Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11 градус, күндүз -2…-7 градус суук болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10 градус, күндүз 0…-5 градус суук. Тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -8…-13, күндүз -4…-9 градус суук болсо, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5 градус нөлдөн төмөн болот. Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6 градус суук болуп, тоолуу аймактардагы суук -12…-17 градуска жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып, үзүлүп кетүү коркунучу бар.