Мас болуп учакта чыр салган кыздар. "Манастагы" самолёт убагында учпай калды

Авиалайнер учууга камданып жаткан маалда борттун командири самолёттон эки жүргүнчүнү түшүрө турганын билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Учакта мас болуп чыр салган эки кыздын айынан эл аралык "Манас" аба майданындагы каттам кармалып калды. Бул тууралуу аталган аэропорттун маалымат кызматынан кабарлашты.

Жыл башынан бери учак менен каттагандардын саны 240 миңге азайган. Статистика
Бүгүн, 7-октябрда, Pegasus компаниясынын 701-каттамынын авиалайнери учууга даярданып жаткан учурда аба кемесинин командири учактар конгон аянтка кайтууну суранган. Ал самолётто чыр салган эки жүргүнчүнү түшүрүү керектигин айткан.

Кыздарды лайнерден чыгарып, милициянын күзөт бөлүмүнө алып барышканы айтылды. Ал жактан кыздар мас экендиги аныкталган.

Каттам бир сааттан ашык убакыт кармалган.