Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү ЖМК жетекчилери менен жолугуп жатат. Сүрөттөр

Жолугушууга Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жалпыга маалымдоо каражаттарынын 45 өкүлү чакырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-ноябрда, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери жана өлкөдө аккредитациядан өткөн чет элдик ЖМКнын корреспонденттери менен жолугууда. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Анда Жээнбековдун алгач алдыда боло турган Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктаганы айтылат.

Жолугушууга ЖМКнын 45 өкүлү чакырылып, коомдук-саясий, социалдык-экономикалык маселелер боюнча пикир алышууда.

Белгилей кетсек, Жээнбековдун ЖМК жетекчилери менен мындай форматтагы жолугушуусу 2018-жылдын март айында 40 журналисттин катышуусунда болгон. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча кеңейтилген маалымат жыйыны ошол эле жылы декабрда өткөн.