Бишкекте түркүктү сүзгөн унаадагы 21 жаштагы жигит көз жумду. Сүрөт, видео

Жол кырсыгы тууралуу күбөлөрдүн айтканын шаардык милиция тастыктады. Окуя түн ичинде Чүй проспектиси менен Достоевский көчөсүнүн кесилишинде болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Түндө Бишкекте болгон жол кырсыгынан бир киши каза тапканын Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын күбөлөрү кабарлап, сүрөт, видеолорун жиберген.

Кырсык тууралуу маалыматты шаардык милиция тастыктап, 21 жаштагы жигит көз жумганын кошумчалады.

"Окуя 16-октябрга караган түнү Достоевский көчөсүндө, Чүй проспектиси менен кесилишкен жерде болгон. Унаа жол боюндагы түркүктү сүзгөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Ушу тапта иликтөө иштери жүрүп жатат.