БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Air Manas компаниясы 10-11-октябрга белгиленген Бишкек — Ош жана Ош — Бишкек багыты боюнча каттамдарын токтотту. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин компания 9-10-октябрдагы каттамдарын токтотуп, ал техникалык себептерге байланыштуу экени айтылган.
Ал эми Жарандык авиация так себебин айтты. Ага ылайык, Pegasus компаниясынын кампасында учактын авиакомпания тарабынан табылган мүчүлүштүктөрүн оңдоо үчүн керектүү тетиктер жок. Аны АКШдан алып келүүгө жана мүчүлүштүктү жөнгө салууга бир топ күн кетет. Андыктан авиакомпания 11-октябрдагы бардык каттамдарын токтотту.
Air Manas компаниясынан кабарлашкандай, 11-октябрга билет алган жүргүнчүлөргө каттам токтотулганы боюнча СМС билдирүү жөнөтүлдү. Жүргүнчүлөр билеттерин башка күнгө алмаштырып же акчасын кайтарып алса болот.
Токтотулган каттамдардын тизмеси:
- ZM 193 Бишкек — Ош, учуу убактысы 07:35;
- ZM 194 Ош — Бишкек, учуу убактысы 09:50;
- ZM 197 Бишкек — Ош, учуу убактысы 12:00;
- ZM 198 Ош — Бишкек, учуу убактысы 13:50;
- ZM 205 Бишкек — Ош, учуу убактысы 16:00;
- ZM 206 Ош — Бишкек, учуу убактысы 18:10.