Рафаэль Физиев UFC мелдештерине кайтып келди. Эми ким менен беттешет?

Кыргызстандык мушкер 10-августта Уругвайда UFC Fight Night 156 мелдешинде беттешке чыгышы керек болчу. Бирок турнирге эки жума калганда бутун сындырып алган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев UFC уюмунун алкагында кийинки беттешин Сингапурда өткөрөт. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына жазды.

Кыргызстандык мушкер 10-августта Уругвайда UFC Fight Night 156 мелдешинде чыгышы керек болчу. Бирок турнирге эки жума калганда бутун сындырып алган.

Валентина Шевченко Холли Берри менен киного тартылат. Сүрөт
Мушкердин өзүнүн айтымында, америкалык 30 жаштагы спортчу Алекс Уайт менен октагондо кездешет.  Алардын беттеши Сингапурда 26-октябрга пландалып, UFC Fight Night: Maia vs. Askren турниринин алкагында өтөт. Аталган мелдештин негизги мушташы Бен Аскрен менен Демиан Майянын ортосунда болот.

Физиевдин атаандашы UFC турнирлерине 2014-жылдан бери чыгып келет. Ал тогуз мушташ өткөрүп, төртөөндө жеңишке жеткен.

Ал эми кыргызстандык мушкер UFC турнирлерине 2018-жылдан бери катышат. Биринчи беттешин Санкт-Петербург шаарында өткөрүп, анда россиялык Магомед Мустафаевге жеңилип калган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.