Кызыл-Кыяда жылына 4 миллионго жакын шифер чыгара турчу завод курулууда. Сүрөт

2020-жылдын биринчи кварталында ишке кире турган долбоордун сметалык баасы 255 миллион сомду түзөт.
Sputnik

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош, Баткен облустарына болгон иш сапарынын алкагында Кызыл-Кыя шаарындагы "Кант-ТШП" компаниясынын шифер чыгаруучу заводунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

2020-жылдын биринчи кварталында ишке кире турган заводдун сметалык баасы 255 миллион сомду түзөт.

Кыргызстанды бир көрсөм деп... Кытайдан келип ишкер болгон Кадыр Алынын маеги
Аталган компаниянын башкы директору Санжар Капаровдун айтымында, завод ишин баштаганда  жылына 3,7 миллион шифер чыгара алат. Андан сырткары, 120 жумуш орду түзүлөт.

Премьер Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондусу, "Айыл Банк", "РСК Банк", "Кепилдик фондусу" сыяктуу финансы институттары тарабынан өлкөнүн аймактарында ишкерлерди колдоо боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатканын белгиледи. Мындан тышкары, аймактарды өнүктүрүү үчүн инвестициялык жана инфратүзүмдүк бизнес долбоорлорун колдоого 2 миллиард сом бөлүнүп, аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду түзүлгөн.

"Биз жаңы өндүрүштүк ишканаларды ачуу демилгелерин колдойбуз. Бул жаңы иш орундарын түзүп, жергиликтүү коомду, жалпы аймакты өнүктүрөт", — деди Абылгазиев.

Жергиликтүү бийлик органдарына ишканаларды колдоо жана аларга көмөк көрсөтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.