Кыргыз-казак чек арасында фуралар кезекке туруп калды. Себеби

Кыргыз тарап чектөө киргизген эмес, Чүй облусундагы көзөмөл-өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат. Маселе Казакстандын чек арасында жаралган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Казакстан менен чектешкен аймакта 100дөй оор жүк ташуучу автоунаа топтолуп калганын Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Баткендин чегинде 80 жыл мурун курулган мектептин ордуна жаңысы салына баштады
Унаалардын чогулуп калганы Чүй облусундагы "Актилек" көзөмөл-өткөрүү пунктунда байкалган.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, казак тарап 4-5 оор жүк ташуучу унааны бир сааттан карап жатат. Буга аркы тараптагы текшерүү комплекси иштебей жатканы себеп. Жеңил унаалар жана жүргүнчүлөр эч кандай чектөөсү жок кирип-чыгып жатканы айтылды. Кыргыз тарап дагы ашыкча текшерүүсүз өткөрүп жатат. Алар унаалардан баңги зат, курал-жарак, ок-дары жана жарылуучу заттарды гана издөөдө.

Казакстан менен чектешкен аймактагы өткөрүү пункттарында кезек жок экендиги кошумчаланды.