Бишкекте жоголгон 13 жаштагы кыз үйүнүн жанынан табылды

Өспүрүм 28-сентябрь күнү саат 19.00дө Волков көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Ата-энеси Биринчи Май райондук ИИБге жардам сурап кайрылган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бишкекте бир жума мурда жоголуп кеткен 13 жаштагы Мадина Киемова табылганын Бишкек ШИИББден билдиришти.

Милиция бир жашар уулун көтөрүп кайыр сураган эркек кишини тапты
Эске сала кетсек, өспүрүм 28-сентябрь күнү саат 19.00дө Волков көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Милиция ага издөө жарыялаган.

Тартип сакчыларынын маалыматына ылайык, кыз кечээ, 4-октябрда, болжол менен саат 23:00дө үйүнүн жанынан аман-эсен табылды.

Учурда Биринчи Май РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери аталган фактынын бардык жагдайларын тактап жатканы маалым болду.