Баткенде турак жайы жок 106 жалгыз бой эне үйлүү болду. Сүрөттөр

Жаңы шаарчанын айланасына ФАП, балдар бакчасы, футболдук аянтча жана мечит салынган. Ошондой эле таза суу тартылып, ар бир үй суу менен камсыз болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Баткен шаарында мындан үч жарым ай мурда курулуп баштаган социалдык шаарча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын жергиликтүү кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыска мөөнөттө салынып бүткөн шаарчанын ачылышына каржылык колдоо көрсөткөн Кувейт мамлекетинен келген коноктор, КРдин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Кеңеш Салихов баштаган жетекчилер, шаар тургундары катышты.

Облус башчылыгынан билдиришкендей, социалдык шаарча 25 турак үйдөн туруп, ар бир үйдө төрттөн батир бар. Батирлерде жашоо үчүн керек болгон бардык шарттар түзүлүп, эмерек менен камсыздалган. Шаарчанын айланасына ФАП, балдар бакчасы, футболдук аянтча жана мечит салынган. Ошондой эле таза суу тартылып, ар бир үй суу менен камсыз болгон.

Аталган объект турак жайы жок балалуу аялдарга кайтарымсыз берилди.