Жүздөгөн байкер Бишкекти аралап өттү. Видео

Болжол менен 300дөй байкер мотоцикл жана мопеддин түрү менен мотосезонду жабуу үчүн Бишкекти айланып чыкты.
Sputnik

Ош шаары туулган күнүн шаңдуу белгилеп жатат. Сүрөттөр
Жарышка Кыргызстандан чогулган жана башка өлкөдөн келген байкерлер катышты. Бул жолкусунда алар колонна болуп, шаардын чок ортосунан өтүштү. Жарыш Ботаникалык бактан башталып, байкерлер 7-апрель көчөсү менен Горькийге чейин түшүп, Байтик баатыр көчөсүнө чейин келишти. Андан чоң Түштүк магистралга чыгып, Чуңкурчакты көздөй бет алышты.

Колоннанын катарында спорттук мотоциклдер, трициклдер менен бирге кадимки мопеддер да болду. Коопсуздукка көз салып байкерлерди ЖКККББнын инспекторлору коштоп жүрүштү.

Кыргызстанда мотосезон жыл сайын апрелде ачылып, октябрга чейин уланат. Эки иш-чара тең чоң салтанат менен өтөт.