БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Москвадагы эл аралык Жуковский аэропортунан Ошту көздөй учкан аба кемеси Самара шаарына конууга аргасыз болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Маалыматта экипаждын командири учактын ичинде бараткан кичинекей бала өзүн жаман сезгендиктен тезинен конууга уруксат сураганы айтылат. Учак Курумоч эл аралык аэропортуна жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:50дө (Бишкек убактысы боюнча 00:50) конгон.
"Наристе Самаранын №5 шаардык ооруканасына жеткирилген", — деп айтылат маалыматта.
Окуядан кийин учак Курумоч аэропортунан жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:00дө учуп кеткен.
Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.