Эми Оштон Анжиянга автоунаа каттайт. Баасы канча болот?

2018-жылы эки өлкөнүн жетекчилеринин жолугушуусунда Ош — Анжиян каттамы боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.
Sputnik

ОШ, 24-сен. — Sputnik. 25-сентябрдан баштап Ош шаарынан Өзбекстандын Анжиян шаарына маршрутка  каттамы ачылат. Бул тууралуу Ош аймактык автотранспорт башкармалыгынын жетекчиси Эмил Умаров билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы эки өлкөнүн жетекчилеринин жолугушуусунда Ош — Анжиян каттамы боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. 

Эми Оштон Анжиянга автоунаа каттайт. Баасы канча болот?

Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан каттоо убактысы боюнча документтер такталган.

"Ош шаарындагы автобекеттен күн сайын жыйырма мүнөт аралык менен кичи автобус жүрө баштайт. Бул  Ош — Анжиян жана Анжиян — Ош багытында жүргүзүлөт", — деди Умаров.

Аталган каттамдын жол киреси  100 сом.