Видео 8К форматында тартылып, автордун YouTube-каналына жарыяланган.
"Бул видео менен Борбор Азияда жашынып жаткан өлкөнүн акылды адаштырган табиятынын кооздугун көрсөтүүнү максат кылдым. Силерди бул мамлекетке келгиле деп шыктандырайын дедим. Силер да мен сыяктуу жаратылыштын кооздугунан ырахат аласыңар деп ойлойм", — деди автор.
Видеодо Караколдун, Ала-Көл көлүнүн жана Сары-Жаз жайлоосунун кооздугу тартылган.
Маттиа Биччинин өмүр баянына көз сала келгенде ал эки жыл ичинде 16 мамлекетке барган. Кыдырган жерлердин ажайып кооздугун таймлапс жана гиперлапс ыкмасы менен тарткан.
Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.