Дүрбүчөн Жээнбеков, байкоо салган Путин. Оренбургдагы машыгуунун видеосу

Аскерий машыгууга жалпысынан 128 миң аскер тартылган. Андан сырткары, 20 миң аскер техникалары жана курал-жарак колдонулмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин Оренбург шаарында өтүп жаткан "Центр–2019" аскердик машыгууга байкоо салып турат. Бул тууралуу "Пул №3" Telegram-каналы билдирди.

Ал эми дагы башка ракурстан тартылган видео Кремль пулунун Twitter-аккаунтуна коюлган.

Бүгүн, 20-сентябрда, Жээнбеков Оренбург шаарына Путин менен жолугуу үчүн учуп кеткен.

Кыргыз делегациясынын курамына тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Генералдык штабдын жетекчиси Райимберди Дүйшөмбиев, президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков жана КРдин Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов кирген.

"Центр-2019" машыгуусунун негизги бөлүгү 16-21-сентябрда өтөт. РИА агенттигинин маалыматына таянсак, ага Россия, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Индия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан катышат. Бул иш-чарага жалпысынан 128 миң аскер тартылган. Андан сырткары, 20 миң аскер техникасы жана курал-жарак, 600гө чукул учуучу аппараттар жана 15 кеме колдонулат.