Таластагы Көчмөндөр оюндары алты саатка кечигип башталды. Себеби

Ат майдан даяр болбогондуктан көк бөрү боюнча мелдештер саат 16:00дө башталды. Улакчылар саамалык бүткөнгө чейин күн сайын бүйүр кызыткан оюн тартууламакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Бүгүн Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндары көк бөрү менен башталды. Ага катышуу үчүн өлкөнүн жети облусунан чогулган спортчулар улуттук оюндардын жети түрү боюнча күч сынашат.

Белгилей кетсек, иш-чара саат 10.00гө белгиленген. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат катчысы Нурпери Садырбекова ипподромдун отургучтары толук даяр болбогондуктан башталышы алты саатка кечиккенин билдирди.

Дүңгүрөгөн ачылыш болбойт. Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарынын программасы
Аталган агенттик түзгөн программага ылайык, 21-сентябрга чейин ат оюндары Алканов атындагы ипподромдо болот. Күрөштүн түрлөрү боюнча балбандар "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда беттешет.

Оюндардын маданий бөлүгү 19-сентябрда "Манас Ордо" тарыхый комплексинде өтөрү күтүлүп жатат. Ал эми иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгү 21-сентябрга белгиленген.

Улуттук көчмөндөр оюндарынын расмий бөлүгүнө президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, өкмөт мүчөлөрү, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардан коноктор катышмакчы.

Иш-чаранын алкагында жети дубандан барган 700 катышуучу өздөрүнүн оюн-зоок жана маданий программаларын тартуулашат. Таймашкан спортчуларга 63 калыс баа берсе, маданий иш-чараларга жалпысынан 2000 адам катышары күтүлүп жатат.