БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноого шектелгендердин бирин кармады. Бул тууралуу ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.
6-майда ырчынын апасы Дариха Абдрахманова милицияга кайрылып, түндө анын үйүнө кирип, акча талап кылып, тапанча такап коркуткандарга карата чара көрүүнү суранган. Кылмышкерлер 60 миң доллар, 15 миң сом жана баалуу буюмдарды алып кеткен. Ырчы апасы жана карындашы менен жашай турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берген болчу.
Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Криминалдык милициянын кызматкерлери шектүүнүн биринин изине түшүп, Ысык-Көлдө жашынып жатышы мүмкүн деп болжогон. Кийин Каракол шаарындагы кафелердин биринен шектүү катары 24 жаштагы улан кармалган. Анын Mitsubishi Carisma үлгүсүндөгү автоунаасын тинтүү учурунда зер буюмдар далил катары табылган.
Калган шектүүлөрдү кармоо аракеттери жүрүүдө.