Оңолбек Каныбек уулу — өмүр баяны

Оңолбек Каныбек уулунун өмүр баянын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин таржымал бөлүмүнөн окуңуз.
Sputnik

Оңолбек Каныбек уулу 1991-жылы 17-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Оттук айылында төрөлгөн.

Үй-бүлөсү:

Жети бир туугандын бешинчиси. Үч байкеси, бир эжеси жана эки иниси бар. Атасы — жеке ишкер, энеси — үй кожойкеси. Волейболчу бойдок.

Билими:

2010-2016 — Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын педиатрия бөлүмүн аяктаган;

2016-2018 — Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда ординатор;

Спорттогу жолу:

2014-жылдан бери волейбол боюнча улуттук курама команданын мүчөсү. Ысык-Көл облусунун "Жаңы-Муун" клубунда жетинчи номер менен ойнойт. Амплуасы диагоналдык чабуулчу. Бою — 197 сантиметр, салмагы — 102 кг.

Жуманазарова Мээрим Рахмадиловна — өмүр баяны
2015 — КРдин Волейбол федерациясынын версиясы боюнча "Мыкты спортчу";

"Sports Awards-2015" спортчуларды сыйлоо долбоорунун версиясы боюнча "Мыкты волейболчу";

2016 — Улуттук лиганын чемпиону, "Жаңы муун" командасынын курамында КРдин чемпиондугунда II орун, Ысык-Көл оюндарында жана республикалык спартакиадада алтын медаль;

2017 — КР өкмөтүнүн Ардак грамотасы, Азиянын аймактык чемпионатынын "Мыкты оюнчусу";

2018 — Дүйнө чемпионатынын II тандоо турунун "Мыкты оюнчусу";

2019 — Азиянын аймактык чемпионатынын жеңүүчүсү жана "Мыкты оюнчусу"