БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Россиялык UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов мурдагы атаандашы Конор Макгрегордун барда улгайган кишини виски ичпей койгону үчүн чаап жибергени боюнча үн катты. Бул туурасында РИА Новости жазып чыкты.
Нурмагомедовдун пикиринде, Макгрегорду мындай кылыгы үчүн түрмөгө камоо керек. Анын жоругу спортко көлөкө түшүрөт.
"Мындай адамдар абакка киргизилиши керек. Ал сый дегенди билбейт. Айрым гана кадамдары спортто пайдасын тийгизет. Ал акылдан айнып баратат. Бул наадандык. Бүгүн ал абышканы уруп жатат, эртең эмне болот?!", — деген спортчу.
Маалыматта Дублиндин полициясы окуяны иликтеп баштаганы айтылат, бирок анын жыйынтыгы белгисиз.
Макгрегор соңку беттешин былтыр 6-октябрда UFC 229 турниринин алкагында өткөрүп, Хабиб Нурмагомедовго утулуп калган. Ирландиялык спортчу аралаш мушташ боюнча 21 мелдешти утуп, төрт ирет жеңилүү ызасын тарткан.