Бишкектеги "Манас айылы" Маданият министрлигинин балансына өтөт

Бүгүнкү күндө "Манас айылы" комплексинин абалы начар.
Sputnik

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплекстин абалы менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков туура башкаруу жана каражат тартуу менен "Манас айылы" Бишкек шаарынын маданий дөөлөтү боло аларына ишенерин айтты.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов "Манас айылын" жаңы форматта калыбына келтирүү боюнча кызматташууга жергиликтүү инвесторлор кызыгып жатканын билдирди. Ал "Манас айылы" министрликтин балансына өтсө, реконструкциянын варианттары каралып чыгарын белгиледи.

Президент бул жайды министрликтин балансына өткөрүү идеясын колдоду.

"Комплексти реконструкция кылуу учурунда президент мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин активдүү колдонууга чакырды, ошондой эле аны реконструкция кылуу жана этношаарча куруу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады", — деп айтылат маалыматта.

Франция Нотр-Дам чиркөөсү урап калуу коркунучунда турганын жар салды
Жээнбеков бул жер борбор калаанын тургундары жана конокторунун, чет элдик туристтердин эс алуу жайы болушу керектигин белгиледи.

1998-жылы "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплекси Бишкек шаарынын мэриясынын балансынан "Бишкек" Эркин экономикалык аймактын башкы дирекциясынын карамагына өткөрүлүп берилген. Комплексти куруу иштери 1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоого карата башталган.