Бишкектеги "Оймо" фестивалы кандай өтүүдө? Көз талдырган 11 сүрөт

Sputnik

Фестиваль Эмен багындагы Курманжан датканын эстелигинин жанында болуп жатат. Ал 25-июлда башталган, 28-июлга чейин уланмакчы. Быйыл уюштуруучулар жаш кол өнөрчүлөргө көбүрөөк көңүл буруп жаткандыгын белгилешкен. Ага жалпысынан 120 уз катышууда. 80и Бишкек шаарынын кол өнөрчүлөрү болсо, 40ы аймактардан келген чеберлер.

Кеп такыячан эл алдына чыгуу уят болот. Салттуу баш кийимдердин сырлары
Фестиваль 29-июлдан 4-августка чейин Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында уланат.

"Оймо" фестивалынын максаты — Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, каада-салттардын муундан-муунга өтүүсүн жандандыруу, маданий мурастарды сактап калуу. Андан сырткары, Ысык-Көлдү маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу.

Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу фестивалдын бешинчи жолку медиа өнөктөшү болду.

 

1 / 11
Бишкектин чок ортосунда салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык "Оймо" фестивалы ишин баштады.
2 / 11
Аталган иш-чара 13 жылдан бери өтүп келет.
3 / 11
Кардарлар этностилдеги буюмдарды, кооз орнамент түшүрүлгөн идиштерди алууга болот.
4 / 11
Быйыл уюштуруучулар жаш кол өнөрчүлөргө көбүрөөк көңүл буруп жаткандыгын белгилешти.
5 / 11
Жалпысынан 120 уз катышууда. 80и Бишкек шаарынын кол өнөрчүлөрү болсо, 40ы аймактардан келген чеберлер.
6 / 11
25-июлда башталган фестиваль 28-июлга чейин болот.
7 / 11
Иш-чара 29-июлдан тарта Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында уланат.
8 / 11
"Оймо" шаардыктардан тышкары туристтерди да кайдыгер калтырбайт.
9 / 11
Фестивалдын максаты — Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, каада-салттардын муундан-муунга өтүүсүн жандандыруу, маданий мурастарды сактап калуу.
10 / 11
Андан сырткары, Ысык-Көлдү маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу.
11 / 11
Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу фестивалдын бешинчи жолку медиа өнөктөшү болду.