Путин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугат

Жээнбеков Москвага кыска жумушчу сапары менен барат.
Sputnik

БИШКЕК, 10 июл — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Москвадан Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугат. Бул тууралуу Кремлдин сайтына жарыяланды.

"Эки тараптуу жолугушуу 11-июлда болот", — деп айтылат маалыматта.

Жээнбеков Москвага кыска жумушчу сапары менен барары маалымдалды.