ЖМК: Сомалиде террорчулар онго чукул адамды өлүм жазасына тарткан

Радиостанциянын маалыматына караганда, өлүм жазасы элдин көзүнчө жүргүзүлөт, муну менен алар калк арасындагы коркунучту жайылтуу максатын көздөйт.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Сомалидеги "Аш-Шабаб" террордук тобунун мүчөлөрү өткөн аптада 10дон кем эмес адамды тыңчылыкка күнөөлөп, өлүм жазасына тартты. Бул туурасында РИА Новости RFI радиосуна шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматта, 3-июлда согушкерлер "Сомалиге чыккынчылык кылдың, кениялык, америкалык чалгынчыларга маалымат бердиң" деген кине менен 5 кишини аткандыгын жазган. Эртеси күнү алар дагы беш кишинин өмүрүн кыйышкан. Өлүм жазасына тартуу согушкерлер басымдуулук кылган өлкөнүн түштүк аймагында болгон.

Исламчыл согушкерлер мындай жазаларды Сомали армиясына же чет элдик мамлекеттерге террорго каршы операцияларды жүргүзүү үчүн маалымат берип койду деп жасап келишет. Көп учурда "тыңчылар" алардын базасына катар жайгашкан аймактын жашоочулары да болуп калууда.

Кыргызстанда терроризмдин таасири Казакстанга караганда төмөн. Рейтинг
"Маалымат берип койду" деп шектелген жарандарга топтун алдындагы бир нече адамдан турган соттор өкүм чыгарып, андан соң ар кыл жазага тартышат.

Радиостанциянын маалыматына караганда, алардын өмүрүн кыюу элдин көзүнчө жүргүзүлөт, муну менен алар калк арасындагы коркунучту жайылтуу максатын көздөйт.

Согушкерлер негизинен кениялыктарга тап коюп келишет. Март айында алар аймагына урулган учкучсуз башкарылган америкалык аба техникаларынын соккусунан кийин үч кишини өлүмгө буюрушкан. Кениянын Standard Digital басылмасынын маалыматына караганда, ал соккудан сомалилик 40ка чукул согушкер өлгөн.

Сомалиде "Аш-Шабаб" ("Жаш согушкерлердин кыймылы") өлкөнүн борбордук өкмөтүнө каршы туруп жана Бириккен улуттар уюмунун гуманитардык ишмердүүлүгүнө бут тосуп келет. Бул топту АКШ 2008-жылы террордук уюмдардын катарына киргизген. Анын "Аль-Каида" менен тыгыз байланышы бар экендиги да айтылган.