Путин россиялыктарды кайсы маселелер көбүрөөк түйшөлтөрүн айтты

Уюштуруучулар түз эфирге бир саат калганда Путинге 1 521 937 суроо түшкөндүгүн кабарлаган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин россиялыктарды түйшөлткөн негизги суроолор — кирешенин көлөмү, саламаттыкты сактоо жана таштанды маселеси экендигин түз байланыштын башталышында айтты.

"Булар жашыруун деле нерсе эмес. Биринчи иретте калкты жашоонун деңгээли, тапкан кирешесинин көлөмү, саламаттыкты сактоо, андан сырткары, азыр да уккандай, таштанды жана аны кайра иштетүү маселеси түйшөлтөт", — деди президент.

Эске салсак, бүгүн Путин салт болуп калган түз байланышын өткөрүп, жарандардын суроолоруна жооп берип жатат.

Путин ШКУнун негизги приоритетин атады
Буга чейин президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков эгерде зарылдык болуп калса, мамлекет башчы менен бирге түз эфирге аткаминерлер, өкмөттүн мүчөлөрү чыгып да суроолорго жооп бере тургандыгын айткан.

Уюштуруучулар түз эфирге бир саат калганда Путинге 1 521 937 суроо түшкөндүгүн кабарлаган. Түз байланыштын үч саатка созулары айтылууда.

Бул сапар каалаган жарандар Путинге смартфондогу тиркеме аркылуу суроо берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.

Түз байланыш россиялык "Россия 1", "Россия 24", Биринчи канал, НТВ, ОТР, МИР, "Маяк", "Вести FM" жана "Радио России" радиостанцияларында жана социалдык тармактарда көрсөтүлөт.

Түз байланышта президент Путин россиялыктардын суроолоруна жооп берип жатат.