Экс-вице-мэр менен шаардык кеңештин депутаты жаңы кызматка дайындалды

Кызматка дайындоо боюнча тийиштүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койду.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Тагыраагы, шаардык кеңештин депутаты менен экс-вице-мэр жаңы кызматка дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мэрдин мурдагы орун басары Асел Куламбаева Октябрь райондук акиминин орун басары болду. 2018-жылы ал социалдык маселелер боюнча вице-мэр болуп турган. Кесиби боюнча медицина кызматкери. Пржевальский медициналык училищеси менен Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда билим алган.

"Бишкектин унаа токтотуучу жайлары" муниципалдык ишканасынын директору болуп Улан Жолдошев дайындалды. Ал "Республика" партиясынан Бишкек шаардык кеңештин депутаты болуп келген.

Кызматка дайындоо боюнча тийиштүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койду.