БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Россиялык UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен аталган уюмдун утурумдук чемпиондук наамынын ээси, америкалык мушкер Дастин Порье көз караштар таймашында жолугушту. Иш-чара Лондондо өткөн.
Мушкерлердин кармашы 7-сентябрда Абу-Даби шаарындагы UFC 242 турниринде өтмөкчү. Алар кеченин башкы беттешинде кез келет.
Америкалык мушкер соңку беттешинде Макс Холлоуэйди утуп, уюмдун утурумдук чемпиону болгон. Ал Хабиб Нурмагомедовдун биринчи атаандашы болуп саналат.
2018-жылы 6-октябрда россиялык Нурмагомедов ирландиялык Макгрегорду муунтуу ыкмасы менен утуп, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону титулун коргоп калган. Нурмагомедов уткандан кийин октагондон секирип чыр салган. Көп өтпөй окуянын чоо-жайы белгилүү болгон. Анткен менен Невада штатынын Атлетикалык комиссиясы россиялык спортчуну тогуз айга дисквалификациялап, 500 миң доллар айыпка жыккан.