Ошто июнь коогалаңынын курмандыктары эскерилди. Сүрөт

Ош мэри Таалайбек Сарыбашов менен вице-премьер Аскаров тогуз жыл мурда курман болгон мекендештердин үй-бүлөсүнө көңүл айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Ошто 2010-жылкы июнь окуяларын эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын аймактык кабарчысы билдирди.

Ага вице-премьер Замирбек Аскаров, облус менен шаар жетекчилери, коомдук ишмерлер катышты.

Мамбетов: июнь окуясында каза болгон 20 кишинин өздүгү дале тактала элек
Ош мэри Таалайбек Сарыбашов менен вице-премьер Аскаров тогуз жыл мурда курман болгон мекендештердин үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Андан соң куран окулуп, "Энелердин көз жашы" мемориалына гүлчамбар коюлду.

Кийин аткаминерлер июнь окуясынан жабыр тарткан жарандардын үйлөрүн кыдырды. Белгилей кетсек, 2010-жылдан бери жабырлануучуларга 630 батир берилген.

2010-жылы июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан. Анда 400дөн ашуун адам каза болгон.