БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Суусамыр айылында 1-майда жоголгон үч жаштагы бөбөктү издөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Наристени издөөгө 9 куткаруучу жана 6 милиция кызматкери тартылды.
Кыргызстандыктар четте карап турган жок. Социалдык тармакта жардам бере ала турган адамдарды кол кабыш кылууга чакырган билдирүүлөр тарап жатат.