Радио

Жусупбекова: республика боюнча мектеп алдында акысыз лагерлер ачылды

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 818 мектепте окуучулар үчүн лагерлер ачылгандыгын айтты.
Sputnik
Жусупбекова: республика боюнча мектеп алдында акысыз лагерлер ачылды

Республика боюнча мектептер алдында акысыз лагерлер ишке кирди. Бул тууралуу Надира Жусупбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган лагерлерге бардык каалаган балдар бара алат.

"Жалпысынан 818 орто мектепте лагерь ачылды. Алар июнь айы иштейт. Лагерлерде балдар үчүн интеллектуалдык, маданий, спорттук программалар бар жана окуучуларга ысык тамак берилет. Ар бир мектеп өз мүмкүнчүлүгүнө жараша педагогдор балдар менен чогуу китеп окуп, белгилүү инсандар менен жолугушуулар уюштурулат. Баласын лагерге жайгаштырууну каалаган бардык ата-энелер кайрылса болот. Бул мектеп алдында түзүлгөн лагерлер балдарды эртең мененки 8:00дөн кечки 16:00гө чейин кабыл алат. Ата-энелер эч кандай акча каражатын төлөөгө милдеттендирилбейт", — деди Жусупбекова.

Ал ошондой эле аз камсыз болгон 1000 окуучу жыл сайын профсоюз аркылуу жайкы эс алууга жиберилерин кошумчалады.