Апта ирмеми: футбол аянтына чуркап чыккан жарым жылаңач кыздан Трампка чейин

Sputnik

Крымда (Россия) "Желтый батискаф" пляж фестивалынын алкагында сууга түшүү сезону ачылды.

Сириянын Идлиб провинциясында аскердик аракеттер уланууда. Акыркы айда 160 жай тургун каза болуп, 200 миңден ашык киши көчүрүлгөн.

Кубанган, суктанган, жылмайган балдар. Бишкектеги майрамдан көз ирмем
Франциядагы Европарламенттин шайлоосунда Марин Ле Пендин "Улуттук биригүү" партиясы жеңишке жетти. Экинчи орунда "Алга, республика" партиясы.

Америкалык модель Кинси Волански Чемпиондор лигасындагы "Тоттенхэм" менен "Ливерпуль" командаларынын финалдык оюнунда футбол аянтына жарым жылаңач чуркап чыкты.

АКШнын президенти Дональд Трамп Японияга мамлекеттик сапары менен барды. Премьер-минист Синдзо Абэ менен жолугуп, сумо боюнча турнирге катышты.

Бразилияда билим берүүнүн бюджетин азайтууга каршы митинг өттү.

1 / 17
Бали аралындагы Агунг жанар тоосу атылды
2 / 17
Крымда сууга түшүү сезону ачылды
3 / 17
Америкалык теннисчи Серена Уильямс Франциянын ачык чемпионатында Виталий Дьяченко менен беттешти
4 / 17
Киши Сириянын Идлиб провинциясында авиасоккудан жабыркаган имараттан кызды көтөрүп чыгып келе жатат
5 / 17
Ливанда кишилер 10 метрлик кар дубалдан сүрөткө түшүп жатат
6 / 17
Сочидеги карнавал
7 / 17
Нью-Дели. Ысыктан улам сууга чайынган бала
8 / 17
Франциядагы европарламенттин имараты. Европарламенттин шайлоосунда Марин Ле Пендин "Улуттук биригүү" партиясы жеңишке жетти. Экинчи орунга "Алга, республика" партиясы татыды
9 / 17
АКШнын президенти Дональд Трамп Японияга мамлекеттик сапары менен барды. Премьер-министр Синдзо Абэ менен жолугуп, сумо боюнча турнирге катышты
10 / 17
Австриянын Инсбрук шаарындагы шалбаада жайылган кой
11 / 17
Бразилияда билим берүүнүн бюджетин азайтууга каршы митинг өттү
12 / 17
Москванын "Лужники" олимпиадалык комплексинде өткөн боёк чачыш майрамы
13 / 17
Америкалык дизайнер Александр Вандын коллекциясын көрсөткөн модель, Нью-Йорк
14 / 17
Индиянын Мумбай шаарындагы мечитте ооз ачууга болгон даярдык
15 / 17
Мальта аралындагы Улуу гавань маягына жакын жерде сүзүп жүргөн яхта
16 / 17
Чемпиондор лигасынын 2018/2019 сезонун "Ливерпуль" командасы жеңди. Алар финалдык беттеште "Тоттенхэм Хотспур" командасы менен беттешти
17 / 17
Америкалык модель Кинси Волански Чемпиондор лигасында "Тоттенхэм" менен "Ливерпуль" командаларынын финалдык оюнунда футбол аянтына жарым жылаңач чуркап чыкты